Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көк-Таш айылдык кеңешинин «Жер аянтын сатып алуу жөнүндө» токтому
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 6 Жер аянтын сатып алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл-Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” Жарлыгына жана “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтомуна ылайык, Орто-Суу айылына мектепке чейинки тарбия берүү максатында балдар бакчасын куруу зарылдыгы тууралуу айыл башчысы А.Раевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Орто-Суу айылына мектепке чейинки тарбия берүү максатында балдар бакчасын куруу үчүн, Орто-Суу айылынын Орто-Суу-2 көчөсүнүн №29 үйүнүн тургуну Базарбаев Канатбек Смайыловичке таандык Орто-Суу-2 көчөсүнүн №30/1 дарегиндеги идентификациялык коду 3-01-08-1003-0133 1000,00 чарчы метр жер аянты келишимдин негизинде Көк-Таш айыл өкмөтүнүн балланссына сатып алынсын.
2.Жер аянтын сатып алуу үчүн айыл өкмөттүн ишеним каты жер жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо боюнча башкы адиси Ж.Байнаевге берилсин жана тийиштүү иш кагаздарын мамлекеттик органдардан даярдатуу ага милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин
жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Н. Жакыев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.