Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көк-Таш айылдык кеңешинин «Көпүрө куруу жөнүндө» токтому
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 5 Көпүрө куруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл-Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” Жарлыгына жана “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтомуна ылайык, чек арада жайгашкан Чоң-Сай айылынын тургундарынын Чоң-Сай дарыясынын күн чыгыш өйүзүнө өтүүгө ылайыктап көпүрө куруп берүү жөнүндөгү арызы боюнча айыл башчысы М.Жаныбек уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чек арада жайгашкан Чоң-Сай айылынын тургундарынын арызын канааттандыруу максатында, Куру-Сай участкасынан Чоң-Сай дарыясынын күн чыгыш өйүзүнө өтүүгө ылайыктап көпүрө куруп берүү Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.
2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.
Төрага
Н. Жакыев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.