# Көк-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 30-июнундагы № 4 "Материалдык колдоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 30-июнундагы № 4 "Материалдык колдоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 30.06.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.06.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/110202>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6092/edition/1071544/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.06.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 30-июнундагы № 4 "Материалдык колдоо жөнүндө" токтому (ред. от 30.06.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/110202

---

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2020-жылдын 30-июну № 4 Материалдык колдоо жөнүндө “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтомуна ылайык, чек арада жайгашкан Булак-Башы айылынын тургуну Н.Умаровго материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Чек арада жайгашкан Булак-Башы айылынын тургуну Умаров Нурмаматтын мал сарайы белгисиз себептерден улам өрттөнүп, ири көлөмдө чыгымга кириптер болгондугуна байланыштуу, мал сарайын кайрадан оңдоп-түзөө үчүн Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 35 000 (отуз беш миң) сом материалдык колдоо көрсөтүлсүн.

2.Каражатты ажыратуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.

Төрага

Н. Жакыев
